«Тазалыктын» кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 11-августта “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери мэриянын Бишкектин Биринчи май районунда таштанды ташууну жеке ишканага берүү чечимине каршы нааразылык акциясына чыгышты.

«Азаттык» радиосу билдиргендей, аларга шаардын вице-мэри Олег Попиков келип, Биринчи май району шаардын борборундагы чоң район болгондуктан техникалары бар ишканага берилгенин түшүндүрүүгө аракет кылууда. Айрым кызматкерлер “Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникасын жакшыртуу менен шаардын тазалыгын камсыз кылууга болоорун айтып жатат.

7-августта Бишкек мэриясы Биринчи Май районунда чогулган акыр-чикирлерге байланыштуу тургундар арасындагы нааразылыктар жөнүндө билдирүү таратып, бул районду «Эко Проф» жеке компаниясы тазалап жатканын кабарлаган.

Акыркы кездери Бишкекте таштанды убагында тазаланбай калган деген нааразылыктар айтылууда. Мэриянын адистери иш жүрүп жатканын, таштанды челектер жуулуп турарын билдирүүдө. Бирок айрым тургундар жуулбаган, тазаланбаган жерлер көп экенин далилдеген сүрөттөрдү интернеттеги социалдык түйүндөргө жарыялашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты