Бишкектин Биринчи май районунда кафеден өрт чыкты
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 14-октябрда, борбор шаардын Биринчи Май районунун Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:30да Биринчи май районунан өрт өчүрүүчү эки бөлүм тартылган.
“Тилсиз жоону” өчүрүүгө кошумча саат 08:30да Свердлов райондук районунан дагы бир өрт өчүрүүчү бөлүм жөнөтүлдү. Жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жеринде иштеп жатканы кабарланды.
Сүрөт: mchs.gov.kg
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!