Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы «Адилет» партиясынын ишин кароону кийинкиге жылдырды
- 2 года мурун
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы жыйында шайлоочуларды сатып алды деп айыпталып жаткан «Адилет» партиясынын ишин караган жок. Бул тууралуу Kaktus.mediaга аталган комиссиядан кабарлашкан.
Маалыматта айтылгандай, партиянын иши боюнча кошумча материалдар суралгандыктан кароо кийинкиге жылдырылганын комиссиядан түшүндүрүшкөн.
Эске салсак, кечээ, 14-ноябрда Бишкек шаардык милициясы Бишкек шаардык кеңешке бараткан «Адилет» саясий партиясынын талапкери жарандардын добушун сатып алууга аракет кылганын билдирген. Анда И.Н. аттуу жаран «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Арафат Исмаиловдун пайдасына добуштарын сатып алуу үчүн 113 шайлоочуга 55 500 сом суммасында акча каражатын бергендиги, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банк аркылуу акча каражатын которуу жолу менен бергендиги аныкталганы айтылган.
Мындан улам И.Н.ге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш иши козголгон.
Kaktus.media Бишкек милициясына шилтеме берип, бул иш боюнча тергөө 19-декабрга чейин узартылганын, жогоруда айтылган шектүү үй камагына чыгарылганын жазды.
Кошумчалай кетсек, кечээ, 14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алган.
Аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын маселесин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИБ) арызы боюнча караган.
Сүрөт: БШК




