«Адилет» партиясынын өкүлү добуш сатып алууга шектелүүдө
- 2 года мурун
Бишкек шаардык милициясы Бишкек шаардык кеңешке бараткан «Адилет» саясий партиясынын талапкери жарандардын добушун сатып алууга аракет кылганын билдирди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, милиция И.Н. аттуу жаран «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.И.нин пайдасына 113 шайлоочунун добуштарын сатып алуу үчүн 55 500 сом суммасында акча каражатын бергендигин аныкташкан. Ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банк аркылуу акча каражатын которуу жолу менен бергендиги аныкталган.
«Көрсөтүлгөн жагдайлар И.Н. жана «Адилет» саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабынын жашаган жерин тинтүү учурунда алынган документтер менен тастыкталды»,- деп айтылат маалыматта.
Мындан улам И.Н.ге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы, анын жыйынтыгы бардык катышкан адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.
Сүрөт: Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы




