Бишкектин административдик соту Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты

  • 4 дня мурун

Бишкек шаарынын административдик соту 4-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жайгдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “Азаттык” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына таянып жазды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Мадумаров БШКнын бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылган. Административдик сот 20-майда ал арызды канааттандырган эмес.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты