Бишкектеги мурдагы “Нарын” ресторанынын ордуна бизнес-борбор курулат

  • 1 год мурун

Бишкекте мурдагы “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган көп тармактуу комплекстин курулушу башталды. Ага, кечээ, 10-мартта президент Садыр Жапаров капсула салганын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана болот. Ошондой эле 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынат. Долбоордун баасы 321 млн. АКШ долларын түзөт.

Президенттин администрациясы билдиргендей, долбоорду ТОО “Feb group” филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана “Gurgoli” курулуш компаниясы ишке ашырат.

«ПолитКлиника» медиасы жогоруда саналган компаниялардын бири Hyper Partners’тин ири суммадагы акчаларды адалдоо иштери менен белгилүү болгон уйгур тектүү кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр менен байланышы бар экенин аныктап чыкты. Президенттин басма сөз кызматы тараткан сүрөттөрдө Абдукадыр аталган объектиге капсула салуу аземине катышканын көрүүгө болот. Ал капсула салынардан бир күн мурун Ташкенттен Бишкекке Hyper Partners’ке таандык учак менен келген болушу мүмкүн.

Хабибула Абдукадыр ким жана анын Бишкектеги ири объектти курууга катышуусу эмнени билдирет?

«Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» биргелешкен иликтөөсүндө Хабибула Абдукадыр туугандары менен бирге Борбор Азияда контрабандадан, салык төлөөдөн качуудан жана башка схемалардан миллиондогон киреше тапкан көмүскө жүк империясын кантип башкаргандыгы баяндалат. Анда бул үй-бүлө коррупциялашкан Кыргыз бажысынын мурдагы жетекчисинин орун басары Райымбек Матраимовдун жардамына таянып акча адалдап келгени далилденген. Документтердин жардамы менен журналисттер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Германияга, Улуу Британияга, АКШга жана Дубайга кеминде 209 миллион доллар которгонун далилдешкен. 

Хабибула Абдукадыр ири суммадагы акчаларды адалдоо иштерине катышканы далилденсе дагы жаза алуунун ордуна Кыргызстандын биринчи адамдары менен коюн-колтук алышып, мамиле түзүп келет. Кезинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен дагы өнөктөш болгон, кийинки президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынын сыйлуу коногу болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты