Бишкектеги мектептин дааратканасында өспүрүм сабалган

  • 2 месяца мурун

29-январда Бишкек шаарындагы № 93 мектептин дааратканасында башталгыч класстын окуучулары жогорку класстын окуучусун ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги билдирди.

Окурман маалымат агенттигине бул окуянын видеосун жөнөтүп, анда 6-класстын окуучулары топтошуп алып, 7-класстын окуучусун сабап жатканы тартылган. Маалыматта айтылгандай, бул ур-токмокту видеого өспүрүмдөрдү окуучуга каршы тукурду делген жогорку класстын окуучусу тарткан.

«Шаардык мэриянин басма сөз кызматынан 24.kgге билдиришкендей, окуя тууралуу маалымат кийинки күнү, 30-январда окуу жайдын администрациясы окуучунун телефонундагы видеону көргөндөн кийин гана белгилүү болгон. Дароо иликтөө иштери башталып, видео түшкөн өспүрүмдөр аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.

Ал эми бүгүн, 31-январда, мектеп администрациясы менен Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаңжалдын катышууларына жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Сүрөт: интернет булактары (иллюстрация)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты