Бишкекте жана Караколдо 3 миң батирлүү ипотекалык турак жай комплекстери курула баштады

  • 4 дня мурун

Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкектин Волкова жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде жана Каракол шаарындагы эски аэропорттун ордуна 3 миң батирлүү ипотекалык турак жай комплекстери курула баштаганын кабарлады.

Бишкектеги турак жай салына турган жердин жалпы аянты 12,80 гектар. Комплексте 9 кабаттан турган 51 блок үйдө 2990 батир болот.

Ошондой эле, ал жерде мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, соода дүкөндөрү, унаа токтоочу жана коомдук тамактануучу жайлар каралган. Үйлөр курулуп бүткөндө “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын шарттарына ылайык ипотекага 15, 25 жылдык мөөнөткө берилет.

Каракол шаарында курулуп баштаган турак жайда 20 блоктон турган 5 кабат жана 56 блоктон турган 9 кабат үй болот, батирлердин саны 3000ден ашат. Курулуш иштери аяктаганда батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында кезекте тургандарга 4 жана 8 пайыздан 15 жана 25 жылдык мөөнөткө берилет.

Эске сала кетсек, өткөн жумада Нарын облусунун Кочкор айылында жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында да ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 12 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу турак үйлөр курулууда. “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында ар бир аймакта 16 миңден ашуун батирдин курулушу пландалып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты