Бишкекте унаа сүзүп кетип каза болгон адам кинорежиссер Михаил Дудников экени айтылууда

  • 1 год мурун

Бишкекте унаа сүзүп кетип каза болгон жаран кинорежиссер Михаил Дудников болгон. Бул тууралуу медиаэксперт Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кырсык 29-июнда болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Милициянын кайгуул кызматы Бишкектеги Жибек Жолу – Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө өтмөктөн 75 жаштагы адамды өлтүрө сүзүп кеткени тууралуу кабарлаган.

Дудников Михаил Иванович 1948-жылы туулган. Маркум кинорежиссёр «Взлет Калии Токтогуловой», «Урок на завтра», «Пришелец», «Кому сеять завтра?», «Экскурсия» жана башка фильмдерди тарткан.

Сүрөттө Михаил Дудников колунда микрофон кармап турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты