Бишкекте айдоочу 75 жаштагы адамды өлтүрө сүзүп кетти

  • 1 год мурун

Бишкектеги Жибек Жолу — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө өтмөктөн пенсионерди өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы айдоочу Hyundai Santa Fe автоунаасы менен 75 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Карыя окуя болгон жерде алган жараатынан улам каза болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө, унаа айып короосуна токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты