Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей баштады

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте троллейбустар штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Урматтуу шаар тургундар, жүргүнчүлөр! Бүгүн, 27-октябрда саат 11:00дөн баштап троллейбустук каттамдар графикке ылайык иштей баштады», — деп жазылат маалыматта.

23-25-октябрга чейин Бишкек шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жаткандыгына байланыштуу троллейбустардын иши убактылуу токтоп турган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты