Бүгүн Бишкекте троллейбустар убактылуу токтойт

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында троллейбустар убактылуу токтойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-25-октябрга чейин Бишкек шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ушуга байланыштуу 24-октябрда саат 16:00дөн 17:30га чейин бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Эске салсак, бүгүн саат 8:00дөн 9:30га чейин бардык троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты