Бишкекте соода борборунда коомдук жайга бүлүк салгандар кармалды

18-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарында жайгашкан соода борборлорунун тамактануучу жайында белгисиз кишилер плакат көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, бүлүк салып, коомчулукка жат аракеттерди жасашкан. Коомдук жайда бүлүк салган көрүнүштөрүн алар социалдык тармактарга жарыялашкан.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында, 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И., аттуу шектүүлөр кармалып, борбордук милициянын кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен бирге Свердлов райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталды.

Бишкекте соода борборунда коомдук жайга бүлүк салгандар кармалды
Бишкекте соода борборунда коомдук жайга бүлүк салгандар кармалды
Бишкекте соода борборунда коомдук жайга бүлүк салгандар кармалды
Бишкекте соода борборунда коомдук жайга бүлүк салгандар кармалды

Башкы сүрөт: kaktus.media

Сүрөттөр: Шектүүлөр. Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты