Бишкекте сел коркунучу бар жерлер текшерилди

  • 2 месяца мурун

20-июлда борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен бирге Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жана Чоң Чүй каналынын айрым участокторун текшерди.

Бул жерлердеги көпүрөлөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан жана жантайма жээктердин айынан суунун көлөмү көбөйсө, жакын жайгашкан аймактардын суу астында калуу коркунучу бар.

Коммуналдык кызматтарга дарыялардын агымын дарактардан жана бадалдардан тазалоо тапшырылды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев Орто-Алыш суу алгычына да барды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга коркунучтуу аймактарды көзөмөлдө кармоо жана жогорку даярдык режимин сактоо тапшырылды.

Мэрдин буйругу менен Ала-Арча дарыясындагы авариялык көпүрө демонтаждалды.

Мындан тышкары, дарыялардын боюнда жайгашкан объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү, ошондой эле Ленин районунун администрациясына Ала-Арча дарыясынын боюндагы жер тилкелеринин инвентаризациясын жүргүзүү тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 23-июлуна чейин республикада аба ырайы турксуз болуп, нөшөрлүү жамгыр жаашы мүмкүн.

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты