Бишкекте мэриянын кызматкерлери менен гараж кооперативинин ээлеринин ортосунда конфликт болду
- 2 года мурун
Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек мэриясынын кызматкерлери менен Псковская көчөсүнүн №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин ээлеринин ортосунда конфликт болду. Бул тууралуу Kloop жазып, видеосун жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, гараж кооперативинин ээлери гараждарды бузууга келген мэриянын кызматкерлерине «бензин» чачышкан.
Бишкек шаардык мэриясы бул окуя тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, «уруксат берилбеген объектилерди» ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратышкан.
«Окуя учурунда уруксат берилбеген объектилердин ээлери тарабынан бензин чачылып, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматтык унаасы жана атайын техникасы да жабыркаган. Белгилей кетсек, буга чейин башкармалыктын кызматкерлери аталган объектилердин ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн»,- деп билдирди Бишкек мэриясы.
Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: видеодон алынды




