Бишкекте «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясынын» ачылыш аземи болду

  • 1 неделя мурун

Бишкек шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы» ишканасынын ачылыш аземи болду.

Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.   

“Биз бул долбоорго абдан жогору баа берип, аны кылымдын курулушу деп атайбыз. Бул Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү сапатты жагынан жаңы деңгээлге алып чыгат” деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы» ЖЧКсынын ачылышына, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн, Кытайдын чет өлкөлүк капиталды пайдалануу жана чет өлкөдө инвестицияларды берүү департаментинин директорунун орун басары, делегация башчысы Чжан Цзянхуа, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов, “Чайна рейлвей интернешнл” компаниясынын башкы директору Чжоу Син баштаган өкүлдөр катышты.

 6-июнда Пекин шаарында өткөн Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө  макулдашууга кол коюлду.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 2022-жылы сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 15-декабрда Бишкекте өткөн элдик курултайда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталарын, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн билдирген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты