Бишкекте «Коомдук процесстердин жүрүшү» конференциясы өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте «Коомдук процесстердин жүрүшү» конференциясы өтүп жатат.

Иш-чаранын модератору Эмил Жураев жана Тамерлан Ибраимов. Конференцияга тарыхчы Зайнидин Курманов, саясат таануучу Эмил Жураев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, ЖМКнын үстүнөн түшкөн арыздарды кароо комиссиясынын төрайымы Тамара Валиева катышууда.

Эске салсак, кечээ, 15-ноябрда Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана «Адилет» Укуктук клиникасы Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы менен биргеликте «Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгу демилгелер» деген аталыштагы тегерек стол уюштурган.

Анда президенттик администрациянын өкүлдөрү ЖМКлар жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн 20 медиа тармагынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү убада кылышкан. Бул документ аягына чыккандан кийин администрация тарабынан Венеция комиссиясына экспертизага жөнөтүлө турганын айтышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты