Бишкекте Карылар үйүндөгү өрттөн эки киши каза тапты  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-январда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Абай көчөсүндө жайгашкан Карылар үйүнөн өрт чыгып, эки киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүүчү техника жана штаб тартылды. Тилсиз жоодон 15 киши эвакуацияланып, 2 киши каза болду. Өрт өчүрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын айтымында, Карылар үйүнүн паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир палатасында болжол менен 30 чарчы метр аянтты өрт каптаган.

Өрт өчүрүү бөлүмү 9 мүнөттүн ичинде жерине жетишкен. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев окуя болгон жерге барышкан.

Өзгөчө кырдаалдын кесепетинен оор абалда жаткан паллиативдик бөлүмдүн эки бейтабы каза болду. Дагы 11 бейтап ооруканага жеткирилип, байкоого алынган.

Бишкек мэриясы билдиргендей, Карылар үйүнүн негизги имараты жабыркаган эмес. Өрт паллиативдик жардам бөлүмүнүн бир гана палатасында болгон. Зарылчылыкка жараша эвакуация жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтарга окуянын жагдайларын аныктоо үчүн бардык документтерди кылдаттык менен карап чыгууну тапшырды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты