Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттөн 50 адам эвакуацияланды

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан чыккан өрт толук өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Тилсиз жоодон 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуацияланган.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:04тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылып, саат 14:05те өчүрүлгөн.

Бишкек шаарынын Ленин районунун Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатынан өрт чыккандыгы буга чейин маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты