Бишкекте көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды

  • 4 дня мурун

Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарында «Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчаны курууга капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарча Фучик көчөсүнүн батыш тарабында курулат. Анын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.

«Курулуш үчүн шарттуу түрдө сунушталган участок үч чоң аймакка бөлүнөт: соода, өнөр жай жана турак жай. Алардын баары парк аймактары менен бөлүнөт”,- деп айтылат маалыматта.

Мэриянын маалыматына караганда, соода жана базар комплекси төрт кабатта жайгашкан көптөгөн дүкөндөр, күркөлөр жана кафелерди камтыйт. Калган кабаттарды өнөр жай, текстиль жана тиричилик буюмдарды сатуучу соода түйүндөрү жайгашат. Ал эми соода комплексине жанаша жайгашкан аймакта мейманкана, чоң автобекет жана бизнес борборун куруу пландалууда.

Ошондой эле, жаңы шаарчада мечит, медициналык жана спорт борборлору, ресторандар жайгашат. Долбоорлонгон аймактын түштүгүндө ири турак жай комплексин, анын ичинде төрт кабаттуу 58 турак үйдү, мектепти жана бала бакчаны куруу пландаштырылган.

Турак жай комплексинде эс алуучу зоналар, унаа токтотуучу жайлар, балдар аянчалары курулары айтылды. Комплекстин айланасына клиникасы бар медициналык пунктту жана бассейни бар спорт комплекси курулат. Ал эми ага жанаша жайгашкан жашыл сейил бакта маданий иш-чаралар үчүн аянт, ден-соолукту чыңдоочу аянтча, балдар аянтчасы жана эс алуу үчүн сейилдөөчү аянтча болот.

Бул масштабдуу долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле Батыш автобекети менен Ош базарын жаңы комплекске көчүрүү менен шаардагы тыгын көйгөйлөрүн чечет”, — деп жазылат мэриянын маалыматында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты