Бишкекте фонтандар өчүрүлдү

  • 17 часов мурун

Бүгүн, 15-октябрдан тартып, борбор шаардагы муниципалдык менчиктеги фонтандар өчүрүлүп, кышка даярдалат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Өчүрүлгөндөн кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары фонтандардын бассейндеринен сууну агызып, тазалоо иштерин башташат.

Ала-Тоо аянтындагы фонтанда да өчүрүлөт. Кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында подряддык уюм бардык фонтан курулуштарын консервациялоону, анын ичинде сууну агызууну, системаларды тазалоону жана коргоочу конструкцияларды орнотуу иштерин аткарат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты