Бишкекте Эгемендик күнүндө борбордук көчөлөр жабылат

  • 3 недели мурун

Бишкекте 31-августта Кыргызстандын Эгемендик күнүндө бир нече борбордук көчөлөр унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу 28-августтагы маалымат жыйынында ички иштер министрлигинин (ИИМ) жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.

Ага ылайык, көчөлөрдүн төмөнкү тилкелери тосулат:

  • Чүй проспектиси – Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки тилке;
  • Фрунзе көчөсү – Эркиндик бульварынан Тоголок-Молдо көчөсүнө чейинки тилке;
  • Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү – Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилке;
  • Ибраимов көчөсү – Чүй проспектисинин бир бөлүгүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке.

Сыдыгалиев бул күнү Ч.Айтматов жана Манас проспектилери, ошондой эле Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилерин кошумчалады.

Өз кезегинде ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдиргендей, Эгемендик күнүндө Бишкек шаарында 5 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт.

Эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтында чоң концерттик программа болот.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты