Бишкекте дагы бир мектеп директору пара менен кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бишкектеги мектептердин биринин директору окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Директор тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкекте дагы бир мектеп директору пара менен кармалды

Аталган мектеп директору тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган.

Ошондой эле, аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын катуу талап кылуу сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган.

Белгилей кетсек, Президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 Жарлыгына ылайык, мамлекеттик билим берүү уюмдарында акча чогултуунун ар кандай түрүнө тыюу салынган.

Бул факты боюнча, 2023-жылдын 30-августунда атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору Т.Ч.Д. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги мектептердин биринин директору билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишим түзүп алып, балдарды биринчи класска кабыл алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштуруп алгандыгы аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты