Бишкекте бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

  • 1 день мурун

Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммити өтөт. Ага түрк мамлекеттеринин башчылары катышат.

Саммит “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” темасында өтөт.

«Өлкөлөрдүн лидерлери Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз республикасына өтөт» деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттерди жана байкоочу-мамлекеттерди маанилүү дата — ТМУну түзүү жөнүндө Нахчыван келишимине кол коюлгандыгынын 15 жылдыгы, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү менен куттуктайт.

Саммитке Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Кыргызстанга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев келди, калган катышуучулар да келишет. Саммитке Венгриянын президенти Виктор Орбан да катышат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты