Бишкекте 7-кичирайондогу жаңжалда ок атылып, адам өмүрү кыйылды

  • 2 дня мурун

Бүгүн, 10-октябрда, Бишкекте, 7-кичирайондогу спорттук залдардын биринде бизнес өнөктөштөр, бокс боюнча тренер Н.Ж.нын жана бокс боюнча калыс М.Ы.нын ортосунда жаңжал чыгып, ок атылып, адам өмүрү кыйылды, дагы экөө жаракат алды.

Kaktus Media басылмасынын жеке булактарынын айтымында, кайгылуу окуя болгон спорттук зал бокс боюнча дүйнөлүк мурдагы чемпион Орзубек Назаровго таандык.  

Бишкек шаардык ИИБ маалыматы боюнча, Н.Ж. аттуу жаран М.Ы.ны аткан. М. Ы. Ошол жерден жан берген.

Бул кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Октябрь ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон.    

Сүрөт: kaktus media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты