Бишкекте 22-октябрдан тартып жылуулук бериле турганы айтылды

  • 13 часов мурун

22-октябрдан тартып Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда, Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

-ЖЭБдин директору 4-блокту кое бердик деп айтты, буюрса 22-октябрдан баштап, Бишкекке жылуулук бере баштайлы деп жатабыз, 300-350 мегаваттка чейин көтөрөлү деп атат. Октябрдын 22синен эч качан жылуулук берилген эмес, метереологдор абанын температурасы төмөндөйт деп атат дейт. Жылуулук берүүнү эрте баштайлы деп жатабыз. 200 миң тоннадан ашык көмүр бар. Быйыл Мин-Куштагы “Ак улак” кенин мэрияга өткөрүп бергенбиз. Ал жактан азыр өздөрү көмүр ташып жатат, 60 миң тоннадан ашык көмүр турат. Эми баары даяр турат. Энергетиктердин эң биринчи милдети – жылуулук, жарык менен алып чыгыш керек,-деди министр Ибраев.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-17-октябрда туруксуз аба-ырайы сакталып турат.17-18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Өткөн жылы Бишкекте жылуулук 31-октябрдан тартып бериле баштаган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты