Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте 31-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ббъекттерди туташтыруу бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине, андан кийин мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда пайдаланууга даярдыгы жөнүндө актысы бар турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине бериле баштайт.

Мэряи турак жайды туташтырууда үйлөрдүн үстүнкү кабаттарынын жылытуучу приборлорундагы Майевский крандары аркылуу жылуулук системасынан абаны чыгаруу зарыл экенин эске салат. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты