«Бишкекбашкыархитектура» иштеп чыкты делген эскиздик долбоор 100% плагиат (Фактчекинг)

Бишкек шаардык мэриясы 1-мартта расмий сайтына Тоголок Молдо көчөсүндөгү демонтаждалган «Arzu» жана «Time Out» кафелеринин ордуна эмне куруларын жарыялады. Мэрия аталган жерге эч кандай имарат салынбай, мурдагы «Спартак» стадионунун кичи аренасы калыбына келтирилерин жазып, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыккан чакан аренанын эскиздик долбоору делген сүрөттөрдү тиркеген. 

Эскиздин сүрөттөрү жарыялангандан кийин Урмат Насыкулов аттуу Фейсбук колдонуучусу аны плагиат деп атады

«Бишкекбашкыархитектура» иштеп чыкты делген эскиздик долбоор 100% плагиат (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы жогорудагы маалыматты текшерип, эскиздин баштапкы булагын издеп көрдү.

Жаңы чакан арена 

Мэриянын сайтына жарыяланган маалыматта Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Тоголок Молдо, 7а дарегинде жайгашкан «Arzu» жана «Time Out» кафелерин демонтаждап жатканы жана анын ордуна чакан арена курулары айтылат. 

Анын артынан эле «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыккан чакан аренанын эскиздик долбоору көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, долбоордо спорт залдары, судьялык жайлар, чечинүүчү жайлар жана машыктыруучулар зонасы, административдик жана башка жайлар каралган.

«Бишкекбашкыархитектура» эскиздик долбоорун көчүрүп алган

Биз эскиздердин сүрөтүн интернеттен издегенибизде башкы булак катары орусиялык сайттар чыгып жатты. 

Анда 2015-жылдын 7-октябрында орусиялык taburent.ru сайтына жарыяланган сүрөттөрдү карап көрөлү. 

«Бишкекбашкыархитектура» иштеп чыкты делген эскиздик долбоор 100% плагиат (Фактчекинг)

Сайт бул Орусиянын Самара шаарындагы муз тебүүчү аянтчаны реконструкциялоого сунушталган эскиздер экенин жазган. Кыргыз архитекторлор сунуштаган эскиздер менен 100% окшош. 

Ал эми мэрия жарыялаган башка эскиздерди дагы ошол эле орусиялык сайттардан таптык. 

Сүрөттөрдүн башкы булагын аныктап берүүчү программанын жардамы менен жогорудагы сүрөт биринчи жолу 2017-жылдын 21-январында samru.ru сайтына жарыяланганын аныктадык. Анда аталган имарат Самара шаарындагы спорттук аянтча болору жазылган. 

Ал эми эскиздеги башка сүрөттөр андан да мурда, тагыраагы, 2016-жылдын 7-декабрында taburent.ru сайтына чыккан. Сайттын маалыматына ылайык, 2016-жылдын 2-декабрында Самара облусунун губернатору Николай Меркушкин менен болгон жолугушууда Самарадагы жаңы спорт сарайынын эскизи сунушталган.

Долбоор «Волгатрансстрой-долбоор» ЖЧК тарабынан иштелип чыкканы дагы айтылат. 

Төмөндө «Бишкекбашкыархитектура” сунуштаган менен taburent.ru сайтына жарыяланган эскиздер бир эле эскиз экенин көрүүгө болот. Болгону мэрия жарыялаган сүрөттөрдө эскиздер жакындатылып, “Бишкекбашкыархитектуранын” логотиби коюлган.

Демек, «Бишкекбашкыархитектура» Бишкектин борборунда курулуусу пландалган чакан аренанын эскиздик долбоору Орусиянын Самара шаарындагы муз тебүүчү аянтчанын долбооруна 100% окшош.

Муниципиалдык кызматтан бул тууралуу комментарий берише элек.

Плагиат жана укуктук жоопкерчилик

Плагиат — бул башка бирөөнүн эмгегин же идеясын тиешелүү атрибуциясыз (шилтемесиз) пайдалануу жана чыгарманы же идеяны өзүнүкү катары көрсөтүү.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, плагиат башка бирөөнүн эмгегин сыйлабоо катары бааланат.

Плагиаттын автоплагиат, мозаикалык плагиат, кокустук плагиат деген өңдүү көптөгөн түрлөрү бар.

Эл аралык стандарттар боюнча илимий чөйрөдөн баштап, башка адамга же топко таандык болгон эмгекти колдонуу учурунда ага шилтеме берүү жана авторун көрсөтүү зарыл. 

Анткени видео, музыка, сүрөт, карикатура, композиция сыяктуу чыгармачылыктардын баары автордук укук тууралуу мыйзамдар менен корголот.

Мисалы, Кыргызстанда плагиат жана автордук укуктардын бузулушу “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамы менен жөнгө салынат. Аталган мыйзамдын 19-беренесинде автордун макулдугусуз жана автордук сыйакы төлөбөстөн туруп анын эмгегин пайдаланууга болбой турганы жазылган. Анткени бул көптөгөн талаш-тартыштарга жана келишпестиктерге жол ача турганы белгиленген. 

Эгер бул талап бузулуп, автордук укук сыйланбаса, “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамдын 48-беренесине ылайык,  граждандык, кылмыш-жаза жана административдик жоопкерчиликке тартылат. 

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Ысык-Көл облусунда курулуусу пландалып жаткан Асман шаарынын презентациясын анализдеп чыккан. Жыйынтыгында презентацияда көрсөтүлгөн кадрлардын жарымынан көбү интернеттен көчүрүлүп алынганы аныкталган.

Жыйынтык: «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыкты делген чакан аренанын эскиздик долбоору 100% плагиат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты