Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор

  • 6 месяцев мурун

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЖЭБдеги жарылуудан жабыркаган беш адам Шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген. Эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бир жабырлануучу күйүк бөлүмүндө, абалы оор. Эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Бүгүн, 2-февралга караган түнү Бишкеке жылуулук электр борборунда авария болуп, аталган аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев учурда кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтеп жатканын жана авариянын кесепетин жоюп, жылуулукту толук берүүгө беш күндөн жети күнгө чейин убакыт керектелерин билдирди.

Ага чейин энергетика министринин орун басары Насипбек кырсык ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты