Бишкек ЖЭБиндеги авария борбордун эски бөлүгүндө болгону кабарланды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсык борбордун эски бөлүгүндө болгон. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Каримов 2-февралда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди.

Авария эски отко казандарында болду. Жаңыланган 3-4-от казандар иштеп жатат. Ошол жаңы жабдыктардын күчү менен иш алып барылууда”, — деди ал.

Бүгүн, 2-февралга караган түнү Бишкеке жылуулук электр борборунда авария болуп, үч адам жабыркады.

Энергетика министрлиги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты