Бишкек шаарына 148 жыл толду. Кыскача тарыхы

Бүгүн, 29-апрелде, Бишкек шаарынын 148 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 29-апрелде саат 18:00дө борбор шаардын “Ала Тоо” аянтында мэриянын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталат.

Саат 19:00дө аянт ачык асман алдында көркөм бий — профессионалдык жана ышкыбоз хореографиялык жамааттарды бириктирген «Вальс кечеси» конкурс-фестивалы башталат.

Майрамдык программа борбордун чыгармачыл жамааттарынын концерттик номерлери менен коштолот.  

Бишкек мэриясы шаардын 148 жылдыгын белгилөөгө шаардыктарды жана шаардын меймандарын чакырат.  

Борбор шаардын тарыхынан шилтемдер:

Бишкек шаары 1878-жылы 29-апрелде Токмок уездинен Пишкекке көчүрүлүп келген. Борбор шаарыбыз өзүнүн алгачкы статусун алып, Жети-Суу облусунун уезд шаары болуп калган.

Ошол күндөн тартып шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тышкы келбетин өзгөртүү боюнча активдүү иш-аракеттер жасала баштаган.

Анда шаарда 752 үй бар болчу. Шаардагы эң бир сыймыктуу жерлердин бири—шаардын старостасы Илья Терентьев салган эки кабаттуу там болгон. Терентьев азыркы Абдумомунов көчөсү менен Эркиндик бульварында жашаган.

1889-жылы анда биринчи мектеп ачылган.

1926-жылдын 5-апрелинде Пишпек уезддик шаары Фрунзе шаары деп өзгөртүлгөн.

1926-жылдан баштап Бишкек шаарында курулуштардын экинчи этабын куруу башталган.

Бишкекке мыкты архитекторлор келип, курулуш иши кызуу жүргөн.

Ошол жылы стратегиялык ири объекттер курулган. Анын ичинде Өкмөт үйү, Кыргыз ССРинин Министрдер Совети, билим берүү мекемелери болгон.

1970-жылдан баштап жаңы курулуштар, парктар, бульварлар,секверлер түшкөн.

1974-жылы биринчи жолу 12 кабаттуу үй курулган. Андан кийин 16 жана 18 кабаттуу үйлөр салынган.

1978-жылы Фрунзе шаарынын 100 жылдыгынын урматына борбор Эмгек Кызыл туу ордени менен сыйланган.

1978-жылдын 2-сентябрында Фрунзе шаарынын герби бекитилген. Гербди Фрунзе шаар долбоор уюму иштеп чыккан.

1991-жылдын 5-февралында борбор шаар Бишкек шаары деп аталып калган.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты