Бишкек шаарында дагы сегиз мектеп аралыктан окутууга өттү
- 2 жыл мурун
21-январда Бишкек шаарындагы сегиз мектеп эки жумалык карантинге жабылып, жалпы 24 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин шаардагы билим берүү жетекчилер ата-энелерге кайрылып, ооруп калган балдарды мектепке, бала бакчага жибербей турууга чакырган.
Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирген.
Муну бөлүшүү