Бишкек шаардык соту «Азаттыктын» сайты боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

  • 1 год мурун

Бишкек шаардык соту «Азаттыктын» сайты боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

7-мартта Бишкектин административдик соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган эмес. Шаардык сотко кайрылышкан. Бүгүн, 30-майда шаардык соттун коллегиясы «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө боюнча Маданият министрлигинин чечимин мыйзамдуу деп таап, Бишкек административдик сотунун 7-марттагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

«Азаттыктын» жактоочулары Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылат.

Былтыр 26-октябрда, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга бөгөттөө чечимин чыгарган. Январь айында аны белгисиз мөөнөткө узарткан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштей баштаган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга негиздеген.

31-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Азаттык Медиа” “Настоящее времядагы” доо келтирилген материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан кийин Бишкектин административдик сотуна кайрылган.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана “Азаттык Медиа” боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты