Бишкек шаардык соту Аскат Жетигенди абакта калтырды (видео)

  • 18 часов мурун

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаардык сотунда акын Аскат Жетигендин апелляциялык арызы каралды. Шаардык сот аны 3 жылдык мөөнөткө кескен Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу соттук отурумга катышкан «Политклиника» медиасынын кабарчысы маалымдады.

Аскат Жетиген соттун чечими чыккандан кийин комментарий берип: «Бул сот — азыркы эле бийликтин буйругун аткарган, ошолордун камчысын чапкан, ошолордун кызыкчылыгын көздөгөн сот. Бирок бул акыркы сот эмес. Алдыда акыйкат акыреттик сот болот. Мына ошол сотто көрүшөбүз. Ошол сотто баарынын прокурору өзүм болом»,- деп айткан.

Эске сала кетсек, 1-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ырчы, активист Аскат Жетигендин массалык башаламандыктар беренеси боюнча актап, бийликти күч менен басып алуу беренеси менен 3 жылга кескен эле. 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгоп, ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты