Бишкек шаардык соту Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-августта Бишкек шаардык соту жарандык активист Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттын арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Адилет Балтабай 30-июнда «массалык башаламандыкка чакырык жасаган» деген айып менен камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту активистти бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Кийин сот Балтабайдын камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан.

Активисттин адвокаты анын бөгөт чарасын кайра кароо тууралуу шаардык сотко арыз жазган.     

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты