Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаровду камакта калтырды

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаардык соту бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган жок.

«Азаттык» жазгандай, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун 8-декабрда чыгарган Мадумаровду 9-февралга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан.



Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты