Бишкек шаардык ИИБ кайгуул инспекторлору кармалды

  • 2 дня мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан пара алып, КР жаранынын транспорт каражатын мыйзамсыз тартып алышкан Бишкек шаардык ички иштер (ИИБ) башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору кармалды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча,  К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор транспорт каражатын кайгуул милиция башкармалыгынын айып короо жайына киргизүү аркылуу материалдык пайда табуу максатында жаранды пара катары 27 миң сом берүүгө мажбурлашкан. Андан кийин баасы 13 миң АКШ долларын түзгөн автоунаасын убактылуу пайдалануу үчүн мыйзамсыз алып коюшкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 16-сентябрда ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда кайгуул милиция башкармалыгынын кызматкерлеринин жумушчу кабинеттеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо фактысын тастыктаган буюмдар табылган жана алар алынган.

Кармалган К.Н.К. жана Р.у.Т. аттуу инспекторлор кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Тергөө иштери улантылып жатат.    

Бишкек шаардык ИИБ кайгуул инспекторлору кармалды

 

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты