Бишкек — Сеул — Бишкек багыты боюнча түз аба каттамдарын ачуу пландалууда

  • 2 года мурун

Келерки жылы Бишкек — Сеул — Бишкек багыты боюнча түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда билдиргенин ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Сеул менен Бишкектин ортосунда аба каттамдарын түштүк кореялык «T’way» авиакомпаниясы аткарат.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Кореянын премьер-министри Хан Док Су менен жолукту.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты