Тышкы иштер министри Кулубаев Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су менен жолукту

  • 2 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу Кулубаевдин Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында өттү.

Маалыматта жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты сактоо жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы гранттык жана техникалык долбоорлорду ишке ашыруу жана жылдыруу маселелери талкууланганы айтылат.

Мындан тышкары Экономикалык өнүктүрүү кызматташтык фонду (EDCF) аркылуу кызматташтыкты арттыруу, анын ичинде «Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык оорукананын ишин жакшыртуу» долбоорун илгерилетүү маселеси каралды.

«Кулубаев Кыргызстандын санариптештирүү, гидроэнергетика, өнөр жай, тоо-кен жана текстиль өнөр жайы сыяктуу тармактарда кореялык бизнестин кеңири катышуусуна кызыкдар экенин белгиледи,»- деп айтылат маалыматта.

Кореянын премьер-министри өз кезегинде ушул жылдын 6-октябрында Сеул шаарында өткөн экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жана комиссиянын 5-отурумунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга ылайык, кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө корей тараптын даярдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты