Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды
- 1 год мурун
Бишкек-Ош жолунунун Сосновка — Төө-Ашуу постунда жүк ташуучу унаалардын каттамына киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралу 24-октябрда «Кыргызавтожол» мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, жолду кардан тазалоо жана музга каршы инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.
Буга чейин Төө-Ашууда тазалоо иштери жүрүп, жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилген.
Муну бөлүшүү