Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 1 month мурун
Бишкек-Ош жолунун Сосновка – Төө-Ашуу постунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашууда музга каршы инерттик материалдар себилип жатат. Убактылуу чектөөлөр тыгындарды алдын алуу үчүн киргизилип, аба ырайы жакшырганга чейин уланат.
«Буга байланыштуу, ашуулардан өтө турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну сунуштайбыз», – деп министрликтен билдиришти.
Муну бөлүшүү