Бишкек мэриясы Орто-Сай базарын көрктөндүрө баштаганын билдирди

  • 22 часа мурун

Бишкек шаардык мэриясы Орто-Сай базары аймагындагы башаламан сооданы жоё баштаганын жана өз алдынча курулган курулуштарды, күркөлөрдү, жарнамалык такталарды жана тосмолорду ала баштаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта уруксаты жок жайгашкан 386 соода жайы алынган. Ошондой эле өз алдынча курулган курулуштар, күркөлөр, жарнамалык такталар жана тосмолор алынып жаткандыгы айтылды.

«Эреже бузган соодагерлерге КР «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протоколдор түзүлүүдө. Инспекторлор күн сайын көзөмөл жүргүзүп турушат»,- деп айтылат маалыматта.

Мэрия базарда кошумча унаа токтотуучу жайлардын уюштуруларын жана кабелдерди талаптагыдай абалга келтирүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Ошондой эле базардагы жарнамалык такталардын сырткы көрүнүшү бирдей таризге келтирилери белгилүү болду.

«Орто-Сай базарынын ээлери менен жолугушуу болуп, өрт коопсуздугу, техникалык коопсуздук жана санитардык нормаларга ылайык аймакты жакшыртуу боюнча иш-чаралар талкууланды. Ар бир ишкерге көрсөтүлгөн талаптарды сактоо  боюнча эскертмелер документ түрүндө берилет. Болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мажбурлоо чаралары көрүлөт»,- деп билдирди мэрия.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты