Бишкек ИИБи өспүрүмдүн өз жанын кыйышы боюнча окуя иликтенип жатканын билдирди

  • 3 недели мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ИИБ) өспүрүмдүн өз жанын өзү кыйышынын себептери иликтене баштаганын билдирди.

“Бул факт 2024-жылдын 26-сентябрында саат 12:48де Бишкек шаарынын “102” кызматына Абдырахманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде Ч.У. асынган абалда табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Ал жакка тергөө-ыкчам тобу барганда, суицид фактысы тастыкталды. Асынган бала борбор шаардын мектептеринин биринде окуган, 2007-жылы туулган Ч.У. болуп чыккан.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Буга чейин социалдык тармактарда 6-сентябрда Бишкектин Бөкөнбаев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде кайгуул кызматкерлери вейп (электрондук тамеки же мини-кальян-ред.) тартып жүргөн балага “ата-энесине айтабыз” деп эскертүү берип, 3 миң сом айып пул төлөөнү талап кылган. Маалыматтарда протокол түзүлүп, өспүрүмдү коё беришкени белгиленген.  Андан кийин бала үйүнө келип, өз жанын өзү кыйганы айтылат.   

Сүрөт: Бишкек ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты