“Бишкек -аэропорт “Манас” жолундагы авария: Кылмыш иши иликтенүүдө

  • 1 год мурун

“Бишкек — аэропорт “Манас” жолундагы кырсык боюнча Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) тарабынан 21-апрелде кылмыш-жаза кодексинин 312- беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөгө алынууда.

Бул тууралуу Чүй ИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 24-апрелде, Чүй ИИБ жетекчилиги жол кырсыгынан жабыркаган балдар жаткан №3 балдар ооруканасына барды. Мында жол кырсыгынан жабыркаган Сокулук районунун Ат-Башы айылынын 1-3-классынын окуучулары дарыланууда.  

Маалыматта айтылгандай, ооруканага аталган жол кырсыгынан жапа чеккен 27 бала жаткырылган. Алардын үчөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, үйүнө жиберилген. Дагы 15 окуучучу дарылануудан кийин үйүнө чыгарылган. Калгандары ооруканада дарыланууда. Ал эми кичи автобустун айдоочусу жана бир окуучу реанимацияда жатат.  

20-апрелде Бишкек-аэропорт “Манас” жолунда жол кырсыгы болду. Маалыматка караганда, маршруттук такси автобус кайрылып жатканда кагылышкан. Автобуста балдар бара жаткандыгы маалым болгон. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты