“Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу — маанилүү милдеттердин бири”. Илим күнү менен куттуктоо
- 6 дней мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы – илим күнү менен куттуктады.
-Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыздоо фундаменталдык жана прикладдык илимдердеги ири долбоорлорсуз мүмкүн эмес. Андыктан, урматтуу окумуштуулар, сиздердин алдыңыздарда турган эң маанилүү милдеттердин бири – эл аралык окумуштуулар менен тыгыз кызматташтыкта болуп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап билимдерди өздөштүргөн кадрларды даярдоо болуп саналат.
Дагы бир жакшы саамалык, жакын арада Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин өз эшигин ачат. Бул – биздин илимпоздорубуздун шартын жакшыртууга багытталган мамлекеттин дагы бир кадамы.
Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы ачылыштарды жана коомубуздун өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган ири долбоорлорду ишке ашырууну каалайм. -деп айтылат куттуктоодо.