Бир мандаттуу шайлоо округу: Саат 12:00гө карата 4, 31% шайлоочу катышты
- 1 год мурун
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 12:00гө карата шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымдады
No 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын катышуусу: 5389 шайлоочуну түздү, башкача айтканда шайлоочулардын жалпы санынан 4,31%.
Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:
— 1255 же 119 телефондору аркылуу;
— 119 номерине PIN — паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен, (акысыз);
— https://tizme.gov.kg/ сайтынан.
Бүгүн, 28-майда, саат 08.00дө Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү жүрүп жатат.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.
Сүрөт: БШК