Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу: Дагы бир талапкер шайлоого аттануудан баш тартты

  • 1 год мурун

Бакытбек Мураталиев № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттануудан баш тартты. Бул тууралуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкер өзүнүн арызында ден соолугуна байланыштуу шайлоого аттануудан баш тартканын жазганын айтты.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты