Бир мандаттуу үч шайлоо округунда сырттан добуш берүү жүрүүдө

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 29-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир мандаттуу үч шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү өтүнүчү менен 993 арыз түшкөн.

Арыз менен кайрылган жарандар бүгүн саат 08:00дөн 20:00гө чейин добуш бере алышат.

Аталган бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо 8-июнда аяктады. Шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен 2 аял.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга ниетин билдирип, 44 талапкер катышкан, анын арасынан 12 талапкер катышуудан баш тартты, үч талапкерге каттоодон баш тартылды.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты