Билим берүү министрлиги ЖОЖдогу жемкорлук фактысы боюнча үн катты

  • 2 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ЖОЖдорго абитуриенттерди каттоо жана кабыл алууда жемкорлукка жол берилгени тууралуу тараткан маалыматына жооп берди.

Министрликтен билдиришкендей, атайын кызмат тараткан билдирүүдөгү мыйзам бузуу фактысы былтыр, 2021-2022-окуу жылына кабыл алуу учурунда болгон.

Ушул жылдын май айында министрликке УКМКдан бул иш боюнча маалымат түшүп, аны атайын комиссия текшерүү жүргүзгөн жана андан ары иликтөө үчүн атайын кызматка өткөрүп берген.

УКМК 7-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары менен алдыңкы мамлекеттик университеттердин биринин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жемкорлукка шектелип жатышканын кабарлаган.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин өкүлдөрү катышкан мекеме аралык комиссия изилдеп чыккан. Натыйжада чет өлкөлүктөр үчүн деп бөлүнгөн мамлекеттик гранттык 50 орунга абитуриенттер мыйзам бузуу менен кабыл алынганы аныкталган. Тагыраагы ал орундарга кыргыз жарандарын кабыл алып коюшкан.

Мекеменин маалыматына караганда, гранттык орундарга ачык сынак жарыяланган эмес жана өттү деп эсептелген студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдөгү баллдары төмөн болгон.

УКМК билдиргендей, учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп, шектүүлөрдү аныктоо иши уланууда. Мекеме иш кайсы берененин негизинде козголгону, кеп кайсы окуу жайы жана окуя качан болгону тууралуу так маалымат берген жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты