Бекешев унаа жууган жайлар үчүн да суунун баасын көбөйтүүнү сунуш кылды

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы унаа жууган жана килем жууган жайлар үчүн да суунун тарифинин көтөрүлүшүн сунуштады.

“Ичүүчү сууну унаа жууганга жана килем жууганга  пайдалангандарды аныктап, аларга сууну тарифин көтөрүш керек” деп жазды ал Телеграм-каналына.   

Ошондой эле суунунбаасын  кымбаттатууну 1-февралдан эмес, 1-апрелден баштоо керек керектигин айтты.

     

Бишкек шаардык кеңеши таза суу жана канализацияга тарифтерди көтөрүү каралган токтом долбоорун коомдук талкууга койгон.

Анда “Бишкексууканал” ишканасы финансылык оор абалда калгандыктан,  суу менен жабдуу жана сууну бөлүштүрүү боюнча (канализация) кызмат көрсөтүүлөргө жана көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы пайдалануудагы cуу түтүк-канализациялык тармактарын техникалык тейлөөгө тарифтерди көтөрүү сунушталган.

Бишкек шаардык кеңешинин таза суу жана канализацияга тарифтерди көтөрүүнү караган токтомунда, 1-февралдан тартып таза суу үчүн калктан 1 куб метрине 10 сом 45 тыйын, бюджеттик уюмдардан 1 куб метрине 12 сом 95 тыйын, башка керектөөчүлөрдөн 18 сом 50 тыйын алуу сунушталган. Ал эми канализация үчүн калк 1 куб метрине 3 сом 45 тыйын, бюджеттик уюмдар 4 сом 50 тыйын, башка керектөөчүлөр 9 сом төлөйт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты